ӨРӨӨН І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тоонун ортосундагы же суу бойлото созулган чоң, узун тилке мейкиндик. Өрүшү кенен малга жай, Өрөөнү пахта, данга бай (Токтогул). Арабакечтер сай сымал өрөөн менен жүрүп отурушту (Жантөшев). Тоолоруңа, өрөөнүңө, көлүңө, Таазим сенин татынакай жериңе (Турсунбеков). 2. Адамдын денесинин бир жак жаны, ыптасы. Оң өрөөнүм бүт бойдон ооруйт.